Abank_june
SerepTV Logo

Жабырлануучу: "Сот 1 миллион сомдук зер буюмдарды уурдоого шектелген кызды үй камагына чыгарып жибериптир" (видео)

Жабырлануучу: "Сот 1 миллион сомдук зер буюмдарды уурдоого шектелген кызды үй камагына чыгарып жибериптир" (видео)
"Күмүш саткан дүкөндөгү 1 миллион сомдук зер буюмдарымды уурдоого шектелген кызды үй камагына чыгарып жиберишиптир. Сот эмне үчүн мындай чечим чыгарганын эч ким билбейт?". Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине дал ошол жабыркаган аял кайрылып, Чүй облустук сотуна нааразы экенин билдирди. Анын айтымында, окуя Кара-Балта шаарында 14-апрелге караган түнү болгон. Анда 2 кыз жана 3 бала аталган шаардагы зергер дүкөнүнө кирип, 1 миллион сомдук зер буюмдарды уурдап кетишкен. Бишкекке келишип, уурдаган зер буюмдарды сатып жиберишкен. "Бул боюнча милицияга кайрылганбыз. Алар тергөө иштерин жүргүзүп, материалдарды сотко өткөрүп беришкен. Кылмышка башында 1 кыз, 1 бала шектелип жаткан. Калган 3 адам күбө катары сурак берип жатышкан. Бирок кармалган бала тигилердин да катыштыгы бар экенин билдирген. Кылмышка шектелген кызды тергөө абагына киргизишкен эле. Бирок 1,5  айдан кийин анын ата-энеси Чүй облустук сотко кайрылып, кызын чыгарып кетишиптир. Анын үй камагына чыкканын эмнеге эч ким билбейт? Үй камагына чыгарууга бир жүйө керек эле да?! Биз соттун акыйкат чечип берүүсүн талап кылабыз",- дейт жабырлануучу.
data-instgrm-version="13">
 
Посмотреть эту публикацию в Instagram
 

Публикация от СЕРЕБРО СУМКИ АКСЕССУАРЫ (@serebro_sumki.kb)

data-instgrm-version="13">
 
Посмотреть эту публикацию в Instagram
 

Публикация от СЕРЕБРО СУМКИ АКСЕССУАРЫ (@serebro_sumki.kb)

Германия биринчи жолу БУУнун Коопсуздук Кеңешинин туруктуу эмес мүчөсү боло алган жок

10:42 04.06.2026

Ысык-Көлдө селде калган 15 жаштагы өспүрүмдүн сөөгү табылды

08:37 08.06.2026

БШКнын жаңы курамынын биринчи жыйналышы өтүп, төрага жана анын орун басарлары шайланды

17:20 03.06.2026

"Манас" аэропортуна бара турган жаңы альтернативдик жолдун маршруту кандай болот?

09:27 03.06.2026

Ысык-Көлдө жаандан улам тоонун боору урап түшүп, эки эркек кишин басып калды

11:42 06.06.2026

Агартуу министрлиги: "2026-2027-окуу жылын 15-сентябрда баштоо жөнүндө чечим кабыл алынды"

08:34 02.06.2026

Алтынбек Рысбеков энергетика министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды

14:08 10.06.2026

Таалайбек Ибраев энергетика министри кызматынан бошотулду

14:07 10.06.2026

Мыктыбек Абдылдаевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты өттү

12:21 10.06.2026