SerepTV Logo

Жабыркагандар жок. Түндө Ак-Ордо конушунда турак үйдөн өрт чыкты 

Жабыркагандар жок. Түндө Ак-Ордо конушунда турак үйдөн өрт чыкты 
Бишкек шаарынын Ак-Ордо 2 конушунда турак үйдөн чыккан өрт саат 02:08де толук өчүрүлдү. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти. Өрттүн жалпы аянты болжол менен 150 чарчы метрди түздү. Жабыркагандар катталган жок. Өрттү өчүрүүгө Ленин райондук №6 ӨКБдан 2 күжүрмөн эсеп тартылган.