SerepTV Logo

Издөөдө жүргөн Өзбек жараны Кыргызстанда кармалды

Издөөдө жүргөн Өзбек жараны Кыргызстанда кармалды
УКМКнын Чек ара кызматынан Ала-Бука чек ара отрядынын чек арачылары Ички иштер министрлиги менен биргеликте Өзбек жараны кармалгандыгын билдирди. Кармалган жаран өз өлкөсүндө изделүүдө жүргөндөрдүн тизмесинде. Алдын ала маалыматтар боюнча, ал Өзбекстандын Кылмыш-жаза кодексинин бир катар беренелерин бузуу фактысы боюнча издөөдө жүргөн. Тиешелүү документтер толтурулгандан кийин кармалган адам Ички иштер министрлигине кошумча иликтөө иштери үчүн өткөрүп берилди.
Unknown Author