SerepTV Logo

Издөөгө алынган 28 кыргызстандыктын Орусияда жүргөнү аныкталды

Издөөгө алынган 28 кыргызстандыктын Орусияда жүргөнү аныкталды
Ар кандай кылмыштарды жасаганы үчүн издөөгө алынган 28 кыргызстандык Орусиянын аймагынан табылды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен кабарлашты. Анын ичинен 6 жаран кармалып, Кыргызстанга өткөрүп берилмей болду. Кармалган жарандар «каракчылык», «баңгизатты мыйзамсыз сатуу», «жасалма документ», «мамлекеттик жана коомдук мүлктү уурдоо», «чоң уурулук», «ири алдамчылык» беренелери боюнча издөөдө жүрүшкөн. Азыркы учурда аларды кылмыш жоопкерчилигине тартуу үчүн Кыргызстандын тийиштүү органдарынын өкүлдөрүнө өткөрүп берүү маселелери чечилүүдө.
Unknown Author