Ишти жабыш үчүн 2 миң доллар сураган. Токмокто улук тергөөчү пара менен кармалды
Чүй облусунун Токмок шаарында пара алып жаткан жеринен улук тергөөчү кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Маалыматка караганда, укук коргоо системасынын кызматкерлеринин арасындагы коррупциялык көрүнүштөрдү жоюуга багытталган иш-чаралардын алкагында, 18-мартта Чүй райондук ички иштер бөлүмүнүн улук тергөөчүсү А. уулу Ч. 40 миң сом пара менен кармалды.
Ал алдамчылык беренеси менен шектелип жаткан жергиликтүү тургундан ишти жаап коюш үчүн 2 миң доллар талап кылган.
Бул факт боюнча сотко чейинки өндүрүштүн материалдары "Пара талап кылуу" беренеси менен катталды. Кармалган А. уулу Ч. УКМКнын Тергөө абагына киргизилди. Учурда ыкчам-тергөө иштери уланууда.
[gallery columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="28344,28345,28346,28347"]