SerepTV Logo

Иштеп жаткан аттракциондон кулаган 19 жаштагы кыздын абалы айтылды

Иштеп жаткан аттракциондон кулаган 19 жаштагы кыздын абалы айтылды
Бишкектеги Панфилов сейил багында аттракциондон кулаган 19 жаштагы кыздын абалы оор. Ал жандандыруу бөлүмүндө жатат. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.   Маалыматка караганда, окуя 31-мартта болуп, жабырлануучу Клиникалык тез жардам ооруканасына жаткырылган.  Дарыгерлердин айтымында, кыз оор абалда жаткырылган. Ал башынан ачык жаракат алган, баш мээси чайкалган жана сынган жерлери бар.  Дарыгерлер бардык керектүү жардамды көрсөтүп жатышат. 
edita