"Ишкердүүлүк ачууга уруксат кагаздарын берүүнү убадалап...". Талас райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары кармалды
Талас райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул т ууралуу УКМКдан билдиришти.
Маалыматка караганда, 28-июлда УКМК кызмат адамдары тарабынан мыйзам бузууларга жол бербөө, аныктоо жана бөгөт коюу боюнча иш-чараларынын алкагында, Талас райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары 30 миң сом өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен кармалган.
Талас райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары Кыргызстандын жаранынан оң чечим чыгарып, ишкердүүлүк ачууга уруксат кагаздарын берүү үчүн 50 миң сом өлчөмүндө акча талап кылгандыгы аныкталды.
Тиешелүү далилдердин негизинде, Кылмыш-жаза кодексинин 326-беренеси (пара талап кылуу) боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүшүнүн алкагында, Жазык-процесстик кодексинин 98-беренесине ылайык кармалып, Талас ОИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Азыркы учурда ушул кылмыштын жасалышына тиешеси бар адамдардын бардыгын аныктоого багытталган тергөө-оперативдик иш-чаралардын комплекси жүрүп жатат.
[gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="66310,66311"]