Ишкер Имамидин Ташовдун сотто мойнун тилип жибергени айтылды
Бүгүн, 6-декабрда "KG Group" курулуш компаниясынын негиздөөчүсү Имамидин Ташов Бишкектин Биринчи Май райондук сотундагы отурумдун аягында белгисиз нерсе менен мойнун бир нече жолу тилип жиберип, эс-учун жоготту. Бул тууралуу Азаттык жазды.
Ушул эле отурумда судья аны 8-февралга чейин камакта калтырган.
30-октябрда да ишкер атайын кызматтын тергөө абагында өзүнө кол салганы айтылып, ооруканага жеткирилген. Буга чейин УКМК бийликти күч менен басып алууга аракет кылган деп издөөдө жүргөн Ташовду кармаган.