SerepTV Logo

1200 долларлык бриллиантын алып, изин жашырып кеткен шектүү кармалды

1200 долларлык бриллиантын алып, изин жашырып кеткен шектүү кармалды
30-май күнү жаран алданып калганын айтып, Октябрь РИИБине арыз менен кайрылган. Анда жарандардын бири 27-апрель күнү анын ишенимине кирип, сатып берем деп 1 миң 200 долларлык бриллиантын алып, борбордогу ломбарддардын бирине сатам деп кеткен боюнча из жашырган. Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, 209-берене (алдамчылык) боюнча кылмыш иши козголгон. Ыкчам-иликтөөнүн жыйынтыгында 1970-жылы туулган жаран алдамчылыкка шектелип кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Октябрь райондук соттун чечими менен СИЗО-1ге 1 айга камакка алынды.