SerepTV Logo

"Ипотека алганга алдыңкы кезекке киргизип берем" деген жаран кармалды

"Ипотека алганга алдыңкы кезекке киргизип берем" деген жаран кармалды
УКМК тарабынан Жалал-Абад шаарында ипотекалык турак жай берүүгө байланыштуу алдамчылыкка шектелип, Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Көк-Жаңгак шаарынын тургуну кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти. Кармалган жаран өзүн Ташиевдин ишенимдүү адамы катары көрсөтүп, анын жеке тапшырмасына таянуу менен Жалал-Абад шаарында курулуп жаткан үйлөрдөн батирлерди алуу үчүн мамлекеттик ипотекалык компаниянын турак жай программасынын катышуучуларынын тизмесине алдыңкы кезекке киргизүүнүн жөнөкөйлөштүрүлгөн жол-жоболорун убада кылып, алдоо жолу менен жарандардын акча каражаттарын ээлеп алгандыгы аныкталган. Учурда аталган жарандын ушул сыяктуу фактыларга тиешеси бар экендигин аныктоо боюнча тергөө иштери жүрүп жатат.
edita