Интерпол тарабынан эл аралык издөөгө алынган 27 жаштагы жигит Кыргызстандан кармалды
Алдамчылык менен эл аралык издөөдө жүргөн адам кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Маалыматка караганда, бүгүн, 2-июлда кызматкерлер эл аралык издөөдө жүргөн 1994-жылы туулган Орусия жаранын кармаган. "Азыркы учурда атайын орган кармалган жаранды Орусияга экстрадициялоо боюнча зарыл болгон тергөө иш-чараларын жүргүзүүдө. Жаран Орусиядагы Алтай аймагынын Барнаул шаарында банк ишиндеги ири көлөмдөгү алдамчылык боюнча оор кылмыш жасагандыгы үчүн Интерпол тарабынан эл аралык издөөгө алынган", - деп айтылат маалыматта.