Интерпол издеп жаткан Болгария жараны Бишкектен кармалды. Ал үйлөнүүгө үлгүргөн
Интерпол издеп жаткан Болгария жараны Бишкектен кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, 2021-жылдын 4-мартында ИИМдин Интерпол Улуттук борбордук бюросу Бишкек ШИИББдин кызматкерлери менен биргеликте Бишкек шаарынын аймагында жүргүзүшкөн ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө 1970-жылы туулган К.Г аттуу жаранды кармашкан. Кармалган адам Болгариянын жараны болот.
Ал өз өлкөсүндө өзгөчө ири өлчөмдөгү каржы алдамчылыгы, салыкты төлөөдөн качуу үчүн укук коргоо органдары тарабынан издөөдө жүргөн. Алынган маалымат боюнча кылмыш иши 2010-жылы жасалган. Бирок укук коргоо органдары 2018-жылы ага издөө жарыялашкан. Азыркы учурда эл аралык издөөгө алган тарап - Софиядагы Интерпол Улуттук борбордук бюросуна (Болгария) кабарланды.
Маалым болгондой, кармалган жаран Бишкекке 2018-жылы келип, тергөөдөн жашырынып жүргөн жана жергиликтүү тургунга (аял киши) үйлөнүүгө дагы үлгүргөн. Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык,
экстрадициялоо маселеси Башкы прокуратуранын ыйгарымына кирет.