SerepTV Logo

"Интернеттен таанышкан". Ошто 18 жаштагы кыз зордукталганын билдирди

"Интернеттен таанышкан". Ошто 18 жаштагы кыз зордукталганын билдирди
Ошто 18 жаштагы кыз зордукталганын билдирип, милицияга арыз жазды. Бул тууралуу Ош облустук милициядан билдиришти. 18-август күнү Кара-Кулжа районунун 2007-жылы туулган тургуну милицияга арыз менен кайрылып, социалдык тармак аркылуу таанышкан болжол менен 30-35 жаштардагы киши Ош-Араван жолунда унаасында күч колдонуп, зордуктаганын билдирген. Бул факты каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган. Окуяга тиешеси бар делген Араван районунун 1996-жылы туулган тургуну кармалып, тергөө кызматына жеткирилген. Жабырлануучуга карата тийиштүү экспертизалар дайындалган. Дайындалган экспертизанын жыйынтыгы менен мыйзамдуу чечим кабыл алынат.
edita