SerepTV Logo

Интернетте пост жазганы үчүн кармалган пенсионер үй камагына чыкты

Интернетте пост жазганы үчүн кармалган пенсионер үй камагына чыкты
Социалдык тармактарга пост жазганы үчүн кармалган 75 жаштагы пенсионер Салия Таштанова үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Жалал-Абад облустук сотунан билдиришти. Маалыматка караганда, ал 4-декабрга чейин үй камагында болот. Аялга карата 327-берене “бийликти күч менен басып алууга ачык чакыруу” боюнча айып тагылган. Кармалган дагы бир аял - 44 жаштагы Чыныгүл Шеркулова 4-ноябрга чейин камакта калтырылды.