SerepTV Logo

Интернетке зордуктоонун видеосу тарады. Шектүүлөр кармалды

Интернетке зордуктоонун видеосу тарады. Шектүүлөр кармалды
Соцтармактын кыргыз сегментинде 2 киши аялды зордуктап жаткан видео тараган. Окуя боюнча Свердлов РИИБден маалымат беришти. Маалыматка караганда, 19-декабрда Свердлов РИИБге жаран кайрылып, 24-декабрда аны зордуктагандарга чара көрүүнү суранган. Аталган факты боюнча зордуктоо беренеси менен кылмыш иши козголгон. Кылмышка шектүү катары 1988-жылы туулган 2 жаран кармалып, камакка алынган.
edita