SerepTV Logo

ИИМдин тергөө башкармалыгынын мурдагы башчысы Сыргак Айткурманов токмоктолуп каза болгону айтылууда

ИИМдин тергөө башкармалыгынын мурдагы башчысы Сыргак Айткурманов токмоктолуп каза болгону айтылууда

Ички иштер министрлигинин тергөө башкармалыгынын мурдагы башчысы Сыргак Айткурманов Бишкектеги борбордук мечиттин жанындагы кафелердин биринде катуу сабалган. Бул тууралуу Kaktus.media жазды.

Окуя бүгүн, 13-декабрда таңга маал болгон. Ооруканага жеткирилип, бир нече сааттан кийин каза болгон. Азырынча милиция бул окуя боюнча үн ката элек.