SerepTV Logo

ИИМ шайлоодогу үгүт иштерине байланыштуу 12 кылмыш жана 13 жорук каттады

ИИМ шайлоодогу үгүт иштерине байланыштуу 12 кылмыш жана 13 жорук каттады
13-марттан 27-мартка чейинки аралыкта Ички иштер министрлиги жергиликтүү кеңештердин талапкерлерине жана референдум үчүн үгүт жүргүзүүдө жалпысынан 55 маалымат каттады. Алардын ичинен 12си кылмыш, 13ү жорук. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматынан билдиришти. Билдирүүгө ылайык, бүгүн Ички иштер министри Улан Ниязбеков жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого даярдык иштери боюнча онлайн кеңешме өткөрдү. Анда министр үгүт маалында жана шайлоо учурунда коопсуздукту бекем сактап, ар кандай тартип бузуулардын алдын алууга чакырып, ага ылайык бир катар тапшырмаларды да берди. Жергиликтүү кеңештерге депутат шайлоо жана референдум үчүн добуш берүү 11-апрелде өтөт.
Unknown Author