SerepTV Logo

ИИМ: "Бүгүн шайлоого байланыштуу 6 кылмыш иши катталды"

ИИМ: "Бүгүн шайлоого байланыштуу 6 кылмыш иши катталды"
Бүгүн, 11-июлда саат 13:00гө карата шайлоого байланыштуу жалпы 40 маалымат келип түштү. Бул тууралуу маалымат жыйында ИИМдин тергөө кызматынын тергөө бөлүмүнүн башчысы Султан Макилов билдирди. Анын айтымында, Бишкектен 32, Оштон 2, Токмоктон 6 маалымат келген. “40тын ичинен алтоо кылмыш, экөө жорук катары катталды. Кылмыш иштери Бишкек шаарында аныкталган. Калганы боюнча териштирүү иштери жүрүүдө”, - дейт ал. Тергөө бөлүмүнүн башчысы 10-июлга чейин 59, анын ичинен Бишкекте 18, Ошто 19, Токмокто 22 факты катталганын маалымдады. “Алардын ичинен 23ү кылмыш, 9у жорук. Ошондой эле Ош шаарында 6 адамга шектүү катары кабарлама берилди. Анын үчөө талапкер болсо, үчөө партиянын өкүлү. Бишкекте дагы партиянын эки өкүлүнө кабарлама берилди”, - деди Макилов.
Unknown Author