SerepTV Logo

ИИМ президенттин кортежи катышкан жол кырсыктын чоо-жайын биринчи жолу айтты

ИИМ президенттин кортежи катышкан жол кырсыктын чоо-жайын биринчи жолу айтты

Ички иштер министрлиги 2021-жылдын июнь айында Ысык-Көлдө президенттин кортежи катышкан жол кырсыктын чоо-жайын айтты. 

"Субару Аутбэк унаасынын айдоочусу К.Чынжырбаев мас абалында, Балыкчы-Каракол унаа жолунун Семеновка жана Ананьево айылдарынын ортосунда чыгышка карай бара жатып, каршы багытта келе жаткан президенттик кортеждин бөлүгү болгон Тойота Лэнд Крузер унаасы менен сүзүшкөн», - деп билдирди 10-сентябрда ИИМдин басма сөз кызматы.

Кырсыктын кесепетинен жол тандабастагы дарыгер Илгиз Усубалиев алган жаракатынан улам каза болгон. ИИМдин берген маалыматы боюнча, соттук-химиялык экспертизанын жыйынтыгына ылайык, Чынжырбаевдин мас экени тастыкталган.

"Соттук-транспорттук-трассологиялык экспертизанын корутундусуна ылайык, Чынжырбаев жол эрежесинин талаптарын бузган. Анын талаптарына ылайык, көк же кызыл түстөгү жарыгы бар жана өзгөчө үн белги чыгарган унаалар жакындаганда, айдоочулар унаалардын тоскоолдуксуз өтүүсүн камсыз кылуу үчүн жол берүүгө милдеттүү.

Тергөөнүн жүрүшүндө Чынжырбаевге Кылмыш-жаза кодексинин 297-беренеси (жол кыймылынын коопсуздугу жана автотранспорт каражаттарын пайдалануу эрежелерин бузуу), 135-беренесинин 1-бөлүгү (байкабастыктан өлүмгө алып келүү) боюнча шектелип жаткандыгы тууралуу кагаз берилген. Ага карата камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы колдонулган", - деп айтылат маалыматта.