SerepTV Logo

Соцтармакта аймак аралык кастыкты козутууга шектүү кармалды

Соцтармакта аймак аралык кастыкты козутууга шектүү кармалды

Соцтармакта аймак аралык кастыкты козутууга шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 2-сентябрда социалдык тармактарда белгисиз жарандын массалык маалымат каражаттарына регион аралык кастыкты козутуучу сөздөрдү айтып, видео кайрылуу жасаган видеосу тараган. Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 330-беренеси (расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты козутуу) боюнча кылмыш иши козголгон.

Окуя иликтөөгө алынып, ИИМдин кызматкерлери тарабынан 1996-жылы туулган жарандын аты-жөнү такталып, Бишкек ШИИБдин Тергөө кызматына жеткирилди. Тергөө уланууда.

Unknown Author