SerepTV Logo

«Ихсан», «S-LINE» кооперативинен жабыр тарткандар акчасын кантип алат? Министр жооп берди

«Ихсан», «S-LINE» кооперативинен жабыр тарткандар акчасын кантип алат? Министр жооп берди
Бүгүн, 18-июль күнү Ички иштер министри Уланбек Ниязбеков жыйын учурунда кооперативден алдангандардын маселеси боюнча суроого жооп берди. «Ихсан», «S-LINE» кооперативине көп жарандар алданып калды. Эки кооперативдин жетекчилеринин мүлктөрү, эсептери жана кооперативдин эсептери соттун чечими менен камакка алынган. Соттун чечими менен жабырлануучулардын баарына ошол эсептен акча кайтарылып берилет», - деди министр. Эске салсак, 13-июлда «Ихсан Групп ЛТД» кооперативинин төрайымы кармалып, келтирилген зыяндын көлөмү 121 миллион сомдон ашык суммага бааланган. Ал эми «S-LINE» турак-жай кооперативинин жетекчиси катары таанымал Бакыт Аалиев 15-мартта ишенип берилген мүлктү ыйгарып алууга шектелип кармалган.
Unknown Author