SerepTV Logo

"Ихсан Групп ЛТД" кооперативинин директорлор кеңешинин төрайымы кармалды

"Ихсан Групп ЛТД" кооперативинин директорлор кеңешинин төрайымы кармалды
"Ихсан Групп ЛТД" кооперативинин директорлор кеңешинин төрайымы кармалды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти. Маалыматка караганда, ИИМ Жазык кодексинин 209-беренеси (алдамчылык) жана 210-беренеси (ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу) менен кылмыш ишин козгогон. Март айынын башынан бери Кыргызстандын булуң-бурчунан “Ихсан Групп ЛТД” кооперативине кирген жарандардан арыздар түшкөн. ИИМдин маалыматы боюнча, жабырлануучулар түзүлгөн келишимдердин негизинде 4% жана 7% өлчөмүндө кирүү акысын, ошондой эле мүлктүн баштапкы төгүмдөрдү - 25%, 35% жана 50% өлчөмүндө төлөшкөн.

«Бүгүнкү күнгө чейин кооперативдин мүчөлөрү турак-жай, унаа ала элек. Мүчөлүктөн баш тарткан жарандар өз акчасын кайтара алышпай калышкан», - деп айтылат маалыматта. Келтирилген чыгымдын суммасы 121 миллион 313 миң 950 сомду түзүп, «Ихсан Групп ЛТД» коммерциялык эмес турак жай кооперативинин жетекчилиги тарабынан кайтарылган эмес. 

Кечээ, 11-июлда 1975-жылы туулган "Ихсан Групп ЛТД" кооперативинин директорлор кеңешинин төрайымы кармалган.