Ичкиликтин айынан эки адам бычакталып, анын бири ооруканада каза болду
Кечээ, 2-июнда Аламүдүн РИИБне Бишкек шаарындагы ооруканаларадын бирине бычакталган адам жаткырылганы тууралуу маалымат келип түшкөн. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматынан маалымдашты.
Милиция кызматкерлери жүргүзгөн иликтөөдө бычактан жаракат алган адам 1979-жылы туулган жаран алган жаракатынан улам өзүнө келе албай ооруканада каза болгону аныкталган. Бул факты Жазык кодексинин 130-беренеси (киши өлтүрүү) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталды. Окуянын келип чыгуу себептери боюнча милиция кызматкерлери териштирип кылмышка шектүү деп 1979-жылы туулган жаранды колго түшүрүшкөн. Ошондой эле сотко чейин териштирүү иши башталганда дагы 1980-жылкы жаран бычакталып ооруканага жеткирилгени боюнча маалымат келип түшкөн. Бычакталган эки адамдын окуясына тең 1979-жылкы шектүүнүн катыштыгы бар экени аныкталган. Экинчи иш Жазык кодексинин 138-беренеси боюнча (ден соолукка оор зыян келтируу) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүү иши башталды.
Алдын ала маалымат боюнча бычакталган эки жаран жана кылмышка шектүү жаран бирге ичимдик ичип олтурушуп, ошол жерде келишпестиктин айынан мушташа кетишкен. Экинчи жаран шектүүнүн колунан жаракат алып, бири ооруканада каза болгон. Ал эми дагы бири мас абалда болгондуктан бир топ убакыт өткөндөн кийин ооруканага келгендиги маалым болду.
Учурда сотко чейинки өндүрүү иштери уланууда.