SerepTV Logo

ИИМдин алты кызматкери тергөө иши аяктаганга чейин камакта болот. Алар киши өлтүрүүгө шектелүүдө

ИИМдин алты кызматкери тергөө иши аяктаганга чейин камакта болот. Алар киши өлтүрүүгө шектелүүдө
Ош облусунун Ички иштер башкармалыгынын криминалдык полиция кызматынын алты кызматкери тергөө иши аяктаганга чейин камакта болот. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти. "Кечээ, 14-декабрда Ош шаардык сотунун чечими менен 26 жаштагы жарандын өлүмүнө шектүү деп кармалган Ош ОИИБинин алты кызматкери тергөө аяктаганга чейин камак түрүндө баш коргоо чарасы узартылды", - деп жазылат УКМКнын маалыматында. 19-ноябрда УКМК тарабынан алты милиция кызматкерлери кармалган. Тергөөнүн версиясы боюнча, алар октябрь айында 26 жаштагы жаранды кармап, кийин Ош облусунун Ички иштер башкармалыгынын имаратына жеткирген соң кыйнашкан. Бул окуяда кармалган жаран каза тапкан. Анын өлүмүнө шектелип кармалган ИИМдин 6 кызматкери убактылуу кармоочу жайга, кийинчерээк УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Кылмыш ишин тергөө уланууда.
Unknown Author