«Хизбут-Тахрир» диний-экстремисттик уюмдун 6 лидери кармалды (сүрөт)
«Хизбут-Тахрир» диний-экстремисттик уюмдун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлуп, лидерлери кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
7-октябрда УКМК тарабынан Жазык кодексинин 314-беренеси (экстремисттик уюмду түзүү) боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүш материалдарынын алкагында, «Хизбут-Тахрир» диний-экстремисттик уюмдун 6 лидери кармалды. Алар:
- К.А.К. Кызыл-Кыя шаарынын тургуну, Кызыл-Кыя шаарындагы «минтака-масул» ДЭУ (лидери);
- К.С.С. Кызыл-Кыя шаарынын тургуну, Кызыл-Кыя шаарындагы «накиб-джихоза» ДЭУ (ячейканын жетекчиси);
- Н.Ж.М. Кызыл-Кыя шаарынын тургуну, Кызыл-Кыя шаарындагы «накиб-джихоза» ДЭУ (ячейканын жетекчиси);
- А.у.А. Тажик Республикасынын тургуну, Кызыл-Кыя шаарындагы «мушрив-халки» ДЭУ (группанын жетекчиси);
- Э.Н.Т. Кызыл-Кыя шаарынын тургуну, Кызыл-Кыя шаарындагы «мушрив-халки» ДЭУ (тобунун жетекчиси).
- М.З.Я. Кызыл-Кыя шаарынын тургуну, Кызыл-Кыя шаарындагы «казыначы» ДЭУ (ячейканын финансылык маселелери үчүн жооптуу).