SerepTV Logo

"Гашиш, бычак, спирт ичимдиктери..." Молдовановкадагы түзөтүү мекемесинен дагы эмнелер табылды?

"Гашиш, бычак, спирт ичимдиктери..." Молдовановкадагы түзөтүү мекемесинен дагы эмнелер табылды?
10-декабрда Жазаларды аткаруу кызматынын Аламүдүн районундагы Молдовановка айылындагы №1 мекемесинде пландуу жалпы издөө иш-чаралары жүргүзүлүп, анын жүрүшүндө салмагы 8,615 килограмм баңгизаттар (героин, гашиш, марихуана) табылып алынды. Бул тууралуу ЖАМКтан билдиришти. Мындан тышкары, ар кандай үлгүдөгү уюлдук телефондор - 24 даана, тешүүчү жана кесүүчү буюмдар - 63 даана, алкоголдук ичимдиктер - 3,5 литр, маш - 275,5 литр жана түзөтүү мекемелеринин ички эрежелеринде тыюу салынган башка буюмдар табылган. Табылган тыюу салынган заттар жана буюмдар боюнча Жаза аткаруу кызматы тарабынан тийиштүү болгон тергөө жана текшерүү иш-чаралары жүргүзүлүүдө. [gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="88761,88762,88763,88764,88765,88766"]