SerepTV Logo

Финполдун мурунку башчысы Бакир Таиров коррупция боюнча күнөөлүү деп табылды

Финполдун мурунку башчысы Бакир Таиров коррупция боюнча күнөөлүү деп табылды
Бишкектин Биринчи май райондук соту Финансы полициясынын мурунку төрагасы Бакир Таировго козголгон кылмыш ишин карады. Мамлекеттик айыптоочу сотко мурунку аткаминер 2021-жылдын 17-февралында тергөө менен кызматташуу келишимин түзгөнүн билдирди. Бакир Таиров Финполду жетектеп турганда, 2020-жылкы парламенттик шайлоо алдында Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин мурунку директору Каныбек Ботобаевге «Кадастр» мамлекеттик ишканасынын аймактык бөлүмдөрүнөн «Биримдик» партиясынын пайдасына акча чогултуп берүү тапшырмасын берген. Айыпталуучу тергөө менен кызматташып, мамлекетке 20 миллион сом төгүп бергенине байланыштуу прокурорлор Бакир Таировду "коррупция" беренеси менен күнөөлүү деп таап, 260 миң сом айып салууну суранды. Сот кылмыш иштин материалдарын иликтебей эле, дароо тараптардын жарыш сөзүнө өтүү чечимин кабыл алды. Кеңешүүчү бөлмөдөн чыккандан кийин судья өкүмдү окуп, Бакир Таировду 265 миң сом айып пул төлөөө милдеттендирди. Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын мурунку төрагасы Бакир Таиров 2020-жылдын 10-декабрында кармалган. Тергөөнүн маалыматына караганда, мурунку аткаминер партиянын бирин каржылоо үчүн мамлекеттик кызматтын жетекчисинен акча талап кылган. 2021-жылдын февралында мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толуктаган. Кийин аны сотко чейинки өндүрүш иштери аяктаганча өлкөдөн чыкпоо тил каты менен камактан бошотушкан.
Unknown Author