SerepTV Logo

Финпол Кыргызстанга Ирандан алып келинген акциздик маркасы жок тамекилерди аныктады. Сүрөт

Финпол Кыргызстанга Ирандан алып келинген акциздик маркасы жок тамекилерди аныктады. Сүрөт
Финансы полициясы 500 миңден ашык акциздик маркасы жок тамекилерди аныктады. Бул тууралуу Каржы полициясынын басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка караганда, жарандар акциздик маркасы жок тамекини Ирандан кыргызстандык А.Н. аттуу жаранга алып келчү. Көрсөтүлгөн жаран буга чейин эч качан экономикалык ишмердүүлүк менен алектенбеген жана салык органдарында каттоодон өткөн эмес. Алдын-ала эсептөөлөр боюнча, жогоруда аталган тамекилерге акциздик салык болжол менен 20 738 000 сомду түзгөн. Чогултулган материал юридикалык баа берүү үчүн Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын Тергөө башкармалыгына өткөрүлүп берилген.
edita