Финансы полициясы тарабынан өзгөчө ири өлчөмдө салык төлөмдөрүн жашыруу боюнча коррупциялык схема жок кылынды
Финансы полициясы өзгөчө ири өлчөмдө салык төлөмдөрүн жашыруу боюнча коррупциялык схеманы жок кылды. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматынан билдиришти.
Белгилүү болгондой, ушул мыйзамсыз иш-аракеттерди жасаган кылмышкерлер, ыйгарым укуктуу органдардын кызмат адамдары менен алдын-ала сүйлөшүп алып, башка мамлекетке туруктуу жашоого көчүп кетүүнү пландаштырып жаткан Кыргыз жарандарын, алардын атына коомду каттоо жана кийинчерээк ЕАЭБдин мүчө мамлекеттеринен тиешелүү салык төлөмдөрүн төлөбөстөн ири көлөмдөгү элдик керектөөдөгү товарларды ташып келүү максатында, акчалай сыйлыкка тандашкан жана көндүрүшкөн.
Ошол эле учурда, бул адамдар акы төлөп, товардык-материалдык баалуулуктарды ташып кирүүдө талап кылынган жасалма документтерди даярдашкан, муну менен ташылып келген товардык-материалдык баалуулуктардын чыныгы ээлерин салык төлөмдөрүн төлөөдөн качууга көмөктөшкөн.
"13-февралда тийиштүү иш-чаралардын жүрүшүндө, бул кылмыш схемасынын башкы уюштуруучусу кармалган. Кармалган адамга карата Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту тарабынан тергөө иштери аяктаганга чейин Бишкектеги №1 тергөө абагына камакка алуу түрүндө чарасы колдонулган.
Кармалган адамдын унаасын жана үйүн тинтүү учурунда чет элдик компаниялардын мөөрлөрү, бухгалтердик документтер, Кыргыз жарандарынын паспорттору, ошондой эле ири суммадагы акча каражаттары табылды", - деп айтылат маалыматта.