Фарид Ниязов 10-августка чейин СИЗО-1де калтырылды
Бүгүн, 7-июнда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда президенттин аппаратынын экс-жетекчиси Фарид Ниязовдун баш коргоо чарасы каралды. Ал 10-августка чейин камакта калтырылды.
Анын жактоочусу Замир Жоошевдин айтымында, Фарид Ниязовдун ден соолугунда көйгөйлөр бар.
Алмазбек Атамбаевдин кеңешчиси, президенттик аппараттын мурунку жетекчиси Фарид Ниязов Кой-Таш окуяларына, кийин 9-октябрда Бишкектин «Ала-Тоо» аянтындагы башаламандыкка айыпталып камакта. 5-апрелде анын баш коргоо чарасын каралып, 10-июнга чейин камакта калтырылган эле.