"Эски үй бузулуп жаткан". Мэрия дубалы ураган үй боюнча маалымат берди
Кечээ, 15-майда социалдык тармактын колдонуучулары Исанов көчөсүндө салынып жаткан көп кабаттуу үйдүн дубалы кулаганын жазып чыгышкан эле. Алардын айтымында, кырсыктан бактыга жараша эч ким жабыркаган эмес.
Мэрия бүгүн, 16-майда окуя боюнча маалымат беришти. Маалыматка караганда, айтылган даректе эч кандай курулуш иштери жүргүзүлгөн эмес. Ал жерде эски үй бузулуп жаткан.
[gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="110602,110603,110604,110605"]