Эскертүү! Бүгүн Боом капчыгайында таш түшүрүү иш-чарасы жүргүзүлөт
Бүгүн, 7-июнь күнү Боом капчыгайында атайлап таш түшүрүү иш-чарасы жүргүзүлөт. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.
"Боом капчыгайынын Бишкек-Нарын-Торугарт жолунун 132-чакырымында саат 10:00дөн 15:00гө чейин атайлап таш түшүрүү иш-чаралары жүргүзүлөт. Андыктан Ысык-Көл, Нарын облусуна баруучу айдоочулардан жолго чыкпай туруусун суранабыз", - деп жазылат маалыматта.