SerepTV Logo

Эсептөө палатасынын кызматкери 100 миң сом алып жаткан жеринен кармалды (видео)

Эсептөө палатасынын кызматкери 100 миң сом алып жаткан жеринен кармалды (видео)
Эсептөө палатасынын аймактык бөлүмүнүн кызматкери 100 миң сом алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти. Эсертөө палатасынын Ысык-Көл жана Нарын облустары боюнча аймактык бөлүмүнүн кызматкери тарабынан Нарын облусунун Жумгал районундагы Таш-Мойнок айыл аймагынын мурдагы башчысынан финансылык-чарбалык ишин текшерүү маселесинде оң чечим чыгарып берүү үчүн 160 миң сом өлчөмүндө акча талап кылуу фактысы аныкталган. 19-майда УКМК тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүгү (опузалап пара алуу) боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында 100 миң сом пара алып жаткан жеринен көрсөтүлгөн жаран кармалган. Учурда бул кылмышка тиешеси бар бардык адамдарды аныктоо боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө. Кармалган адам Бишкек шаардык 1-тергөө камак жайына киргизилди.