Кокуловдун "атайын банкрот кылып жаткандай" дегенинен кийин «Ак-Кеме» мейманканасынын мурунку жетекчиси кармалды
Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун балансында турган мамлекеттик ишканалардын ишин текшерүүдө мамлекеттик мүлктү башкаруу органдарынын кызмат адамдары тарабынан кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу - мамлекеттик мүлктү мамлекеттин кызыкчылыгына зыян келтирүү фактысы жөнүндө маалымат келип түшкөн. Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында жетекчиликтин мыйзамсыз аракеттеринен, тактап айтканда, 2021-жылдын декабрынан 2022-жылдын апрелине чейин чет өлкөлүк студенттер үчүн бөлмөлөрдүн баасын атайылап төмөндөтүп бекиткендигинен улам мамлекеттик бюджетке 7 миллион сом зыян келтирилген. Тергөөнүн жүрүшүндө «Ак-Кеме» мейманканасынын мурдагы жетекчиси кармалды.
Буга чейин Жогорку Кеңештин депутаты Эрулан Кокулов Бишкектеги "Ак-Кеме" мейманканасынын абалы тууралуу маселени парламентте көтөргөн. Депутат "мейманкананы атайылап банкрот кылып жаткан болушу мүмкүн" деген божомолун айткан.