Эркин Мамбеталиевдин 6 миллион долларга чукул мүлкү мамлекетке өткөрүлдү
УКМК Ысык-Көл облусу боюнча иликтенип жаткан кылмыш ишинин алкагында Эркин Мамбеталиевдин кылмыш жолу менен тапкан төмөнкү мүлктөрүн мамлекеттин балансына өткөрүп берди: Ысык-Көл облусунун Өрнөк айылында жайгашкан «Эдельвейс» эс алуу борбору, Бишкек шаарындагы 3 жана 2 бөлмөлүү батир, "Lexus LX 570" жана "Dodge RAM" маркасындагы эки унаа, 3 3 гидроцикл, 3 квадроцикл жана улуттук кийизден жасалган боз үй.
Жогоруда аталган мүлктөр 5 716 307 АКШ долларына же 489 886 000 сомго бааланды. Учурда УКМК тарабынан уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнөн мыйзамсыз алынган мүлктөрдү аныктоо иштери уланууда.
[gallery link="file" columns="1" size="large" jnewsslider="true" ids="254700,254699,254703,254702"]