SerepTV Logo

Эреже бузганы үчүн токтотулган унаанын номери жасалма болуп чыкты

Эреже бузганы үчүн токтотулган унаанын номери жасалма болуп чыкты
Бишкекте унаасын жасалма номер менен айдап жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгынан билдиришти. Кайгуул кызматынын кызматкерлери 7-мартта болжол менен 21:00 чамасында Токомбаев жана Куттубаев көчөлөрүнүн кесилишинен жол эрежесин бузганы үчүн Lexus GX 460 унаасынын айдоочусун токтотушкан. Текшерүү учурунда 1971-жылы төрөлгөн айдоочу унааны жасалма номер менен айдап жүргөнү маалым болгон. Унаа айып короого токтотулду, айдоочу Октябрь РИИБине жеткирилди.
Unknown Author