SerepTV Logo

"Эң кичүүсү 24, улуусу 39 жашта". Чүйдө сойкулук менен алектенип жүргөн делген кыздар кармалды (видео)

"Эң кичүүсү 24, улуусу 39 жашта". Чүйдө сойкулук менен алектенип жүргөн делген кыздар кармалды (видео)

Чүй облусунда бир нече сойкуканалар аныкталды. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти. 

8-февралда тергөө иштеринин жүрүшүндө Токмок шаарында сойкуканага айланган бир нече сауна аныкталган. Тинтүү иштеринин жүрүшүндө сауналардын биринен ПМ-49 үлгүсүндөгү тапанча, электрошокер табылган. Ошондой эле эң кичүүсү 24, эң улуусу 39 жаштагы 13 кыз кармалган. Мындан тышкары, сойкукана уюштурган делген эки аял кармалган. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.