SerepTV Logo

ЭлТР телеканалынын кызматкерлери бара жаткан унаа жол кырсыгына кабылып, бир адам каза болду

ЭлТР телеканалынын кызматкерлери бара жаткан унаа жол кырсыгына кабылып, бир адам каза болду
Кечээ, 27-апрелде саат 16:50 чамасында Бишкек-Торугарт трассасынын айланма жолунда жеңил унаа менен КамАЗ кагылышып, жол кырсыгынын кесепетинен жеңил унаанын 33 жаштагы айдоочусу каза болду. Маалыматты Чүй облустук жол кыймылын көзөмөлдөө башкармалыгынан тастыкташты. Маалыматка караганда, жеңил унаанын эки жүргүнчүсү Канттагы ооруканага жеткирилген. Жол кырсыгына кабылган жеңил унаа ЭлТР телеканалына таандык экени айтылды.