SerepTV Logo

Экс-вице-премьер Дүйшөнбек Зилалиев камактан бошотулду

Экс-вице-премьер Дүйшөнбек Зилалиев камактан бошотулду
Экс-вице-премьер Дүйшөнбек Зилалиев камактан бошотулду. Мындай маалымат Биринчи Май райондук соту тарабынан белгилүү болду. Соттон маалымдалгандай, Зилалиев жаңы Кылмыш-процессуалдык кодексинин күчүнө киргендигине байланыштуу камактан бошотулду. Анда айыпталуучу соттун акыркы чечимисиз бир жылдан ашык камакта кармалууга болбойт. Дүйшөнбек Зилалиевге карата "мыйзамсыз байыган" деген айып менен кылмыш иши козголгон.
Unknown Author