SerepTV Logo

Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин дарыгеринин сабалышы боюнча тергөө башталды

Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин дарыгеринин сабалышы боюнча тергөө башталды
Бишкек гарнизонунун Аскер прокуратурасы мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин дарыгеринин сабалышы боюнча тергөө ишин баштады. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын 18-февралында аталган факты Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кылмыш кодексинин 321-беренеси ("Бийликтен аша чабуу") боюнча катталган. Учурда тергөө иши жүрүүдө. Белгилей кетсек, 2019-жылы август айларындагы Кой-Таш окуясында "Альфа" атайын бөлүгүнүн кызматкерлери эркек адамды сабап жатышкан видео интернет түйүндөрүндө тарап кеткен. Кийинчерээк ал сабалган адам Атамбаевдин жеке дарыгери экени белгилүү болгон.
Unknown Author