SerepTV Logo

Экс-премьер Мухаммедкалый Абылгазиевдин менчик клиникага жаткырылгандыгы айтылууда

Экс-премьер Мухаммедкалый Абылгазиевдин менчик клиникага жаткырылгандыгы айтылууда

Мурдагы өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев "Бикард" менчик клиникасына жаткырылды. Бул тууралуу 24.kg агенттиги өздүк булактарына таянуу менен жазып чыкты.

Маалыматка караганда, Абылгазиевдин коронавирустан кийин жүрөк-кан тамыр системасында көйгөйлөрү болгону айтылган. Бул боюнча УКМКга кайрылганыбызда, маалымат такталып жатканын билдиришти.

Экс-премьер Мухаммедкалый Абылгазиев 26-январда мыйзамсыз баюу фактысы боюнча кармалган.

edita