SerepTV Logo

Экс-депутат Талантбек Узакбаев эки айга УКМКнын СИЗОсуна киргизилди

Экс-депутат Талантбек Узакбаев эки айга УКМКнын СИЗОсуна киргизилди
Бүгүн, 2-июнда Биринчи Май райондук сотунда экс-депутат Талантбек Узакбаевдин баш коргоо чарасы каралып, ал 31-июлга чейин камакка алынды. Бул тууралуу аталган райондук соттон билдиришти. Маалыматка караганда, ал УКМКнын СИЗОсуна киргизилет. Узакбаев 31-майда УКМК тарабынан "Кумтөр" боюнча коррупцияга шектелип кармалган.
edita