Экс-депутат Кубанычбек Нурматов алдамчылыкка шектелип кармалды
Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты алдамчылык фактысы боюнча кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
УКМК тарабынан "Кыргызстан" саясий партиясынын экс-депутаты Кубанычбек Нурматов тарабынан жасалган ири өлчөмдөгү алдамчылык фактылары боюнча сотко чейинки өндүрүш иштери жүргүзүлүүдө.
Тергөө учурунда экс-депутаттын алдамчылык иштерге тиешеси бар экендиги боюнча далилдер табылды. "2013-жылы Эсеп палатасынын аудитору болуп турган учурда 500 миң доллардан ашык суммадагы кыймылсыз мүлктү алдамчылык менен алып алган. 2021-жылдын 20-сентябрында Жазык-процессуалдык кодексинин 98-беренеси боюнча алдамчылыкка шектелип кармалып, УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди", - деп айтылат маалыматта.