SerepTV Logo

Экс-депутат Бактыбек Калмаматов үй камагына чыгарылды

Экс-депутат Бактыбек Калмаматов үй камагына чыгарылды
Бүгүн, 20-январда экс-депутат Бактыбек Калмаматов үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу маалыматты анын жактоочусу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине ырастады. Буга чейин 12-январда Бишкек шаардык сотунда саясатчынын бөгөт чарасын кароо кийинкиге калтырылган. Анда процесстин жылдырылып кетишине судьялардын бири Шарабидин Токтосуновдун сотко катышуудан баш тартканы себеп болгон. 22-декабрга караган түнү Бактыбек Калмаматов «Манас» аэропортунда Сауд Арабияга бара жаткан каттамдан калтырылып, УКМКга жеткирилген. Ал аймактар аралык кастыкты козутууга шектелүүдө.