Экс-депутат Алмазбек Баатырбеков УКМК тарабынан кармалды
"Кыргызстан" фракциянын мурдагы лидери, экс-депутат Алмазбек Баатырбеков УКМК тарабынан кармалды. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине өздүк булактар билдиришти.
Алдын ала айтылган маалыматтарга караганда, экс-депутат "Кумтөр" иши боюнча камакка алынган.
Биринчи Май райондук сотунан билдиришкендей, мурунку депутаттын баш коргоо чарасын кароо үчүн материал сотко түшө элек.