SerepTV Logo

"Экөө тең мас болгон". Бишкекте эркек кишини сабап салган кыздын 18 жашта экени маалым болду

"Экөө тең мас болгон". Бишкекте эркек кишини сабап салган кыздын 18 жашта экени маалым болду
Буга чейин социалдык тармакта 2 кыздын эркек кишини ур-токмокко алып жаткандагы видеосу тараган. Ленин РИИБден окуянын чоо-жайын маалымдашты. Маалыматка караганда, кечээ, 17-апрелде саат 02:59 чамасында Бишкек ШИИБдин "102" кызматына Улуттук госпиталдан чалуу болуп, эркек кишинин сабалып, ооруканага түшкөнү маалымдалган. Аталган факты Ленин РИИБге каттоого алынган. Ал жерге милиция барган учурда ошол күнү саат 00:30 чамасында Кулиев менен Рыскулов көчөлөрүнүн кесилишинде кайым айтышуудан улам 1983-жылы туулган жаранды аял киши сабап салганы аныкталган. Сабалган жаран мас абалында болгон. Бирок ал милицияга арыз жазуудан баш тартты. Сабаган кыз милицияга жеткирилген. Анын 2004-жылы туулган жаран экени аныкталган. Ал кыз да мас абалында болгон. Тергөө уланууда.