"Экөө тең дайынсыз болууда". Аксыда сел алып кеткендердин арасында 3 жаштагы кыз да бар
Кечээ, 12-июль күнү саат 18:00 чамасында катуу жаап өткөн жамгырдын кесепетинен Жаңы-Жол айылында 2 турак үйдүн короосун жана жайлоого баруучу ички чарбалык жолду сел каптап, көпүрөлөрдү агызып кеткен. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
"Таштак айылында 2016-жылы туулган баланы, Жолборсту айылында ички чарбалык жолдорду каптап, көпүрөлөрдү бузуп, 2018-жылы туулган кызды агызып кеткен. Жалпысынан 8 адамды сел агызып кетип, анын ичинен 6 адамдын сөөгү табылган. Жогоруда аталган кыз менен бала дайынсыз болууда. Бүгүн жерине издөө иштерин жүргүзүү үчүн 26 куткаруучу, РИИБден 7 кызматкер, жергиликтүү тургундардан 40 адам тартылган", - деп айтылат маалыматта.
[gallery link="file" columns="1" size="large" jnewsslider="true" ids="63876,63875,63870,63869,63873,63878,63877,63871,63874,63872"]