SerepTV Logo

"Экинчи кайталанбайт". Балдарды унаанын багаж жагына салып айдаган айдоочуга айып салынды

"Экинчи кайталанбайт". Балдарды унаанын багаж жагына салып айдаган айдоочуга айып салынды
Балдарды унаанын багажына салып айдаган айдоочуга 5500 сом айып салынды. Бул тууралуу ИИМдин Чүй облусу боюнча жол кыймылын көзөмөлдөө башкармалыгынан билдиришти. Чүй районун Токмок-Кошой унаа жолунан Мерседес Бенц үлгүсүндөгү унаасынын айдоочусу балдарды унаанын багажына салып, айдап бара жаткандыгы боюнча видео тараган. Бул факты боюнча Чүй районун ЖКККБнын кызматкерлери издеп табуу иш-чараларын жүргүзүп, Мерседес Бенц үлгүсүндөгү унаанын айдоочусун таап, укук бузуулар кодексинин 199-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык, тийиштүү протокол түзүшүп, 5500 сом өлчөмүндө айып салышты.
 
Посмотреть эту публикацию в Instagram
 

Публикация от Уобдд Чуй (@uobdd.chuy)