SerepTV Logo

Экинчи аял алып, той берген кишиге козголгон кылмыш иши кыскарды

Экинчи аял алып, той берген кишиге козголгон кылмыш  иши кыскарды
Сузак районунда экинчи аял алып, той берген адамга козголгон кылмыш иши 29-июнда кыскартылганы белгилүү болду. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти. “Тергөөнүн жүрүшүндө экинчи аялына той өткөргөн кишинин эки аялы эки башка даректе жашагандыктан, Жазык кодексинин 179-беренесинде каралган кылмыштын курамы аныкталбагандыгына байланыштуу өндүрүш иши кыскартылды”, - деп маалымдашты ОИИБден.
Unknown Author