SerepTV Logo

"Жардам беришпесе, зордуктап туруп, өлтүрүп салмак". Бишкекте кызды зордуктоого аракет жасаган делген жаран эркиндикте жүрөбү?

"Жардам беришпесе, зордуктап туруп, өлтүрүп салмак". Бишкекте кызды зордуктоого аракет жасаган делген жаран эркиндикте жүрөбү?
Бишкекте 21 жаштагы кызды зордуктоого аракет жасаган деп шектелген адам эркиндикке чыгарылган. Аны азыркыга чейин таппай жүрүшөт. Бул тууралуу адвокат Шердор Абдыкапаров социалдык тармактагы баракчасына жазды. Маалыматка караганда, адвокатка Нарынбек кызы Акылай аттуу (аты-жөнү өзгөртүлгөн) кыз жардам сурап кайрылган. Анын айтымында, ушул жылдын 7-март күнү болжол менен саат 20:00дө Бах менен Гагарин көчөлөрүнүн кесилишинде кичи автобус күтүп турган. Анын жанына 18-22 жаштардагы жигит келип, ага ыксыз аракеттерди кыла баштаган. Кыз качууга аракет кылган. Бирок жигит аны жерге жыгып, бир колу менен муунтуп, экинчи колу менен шымын чече баштаган. Кыз кыйкырып, жардам сурап баштаган. Жолдон өтүп бара жаткан унаа токтоп, анын ичиндеги жигиттер "102" кызматына чалып, шектүүнү милиция өткөрүп беришкен. Шектүүнү Ленин РИИБге алып кетишкен. Күбөлөр болгон окуяны айтып беришкен. "Шектүүнү наркологияга алып барып, текшерүү жүргүзгөндө андан баңгизат аныкталган. Бирок аны эмнегедир ошондо эле коё беришиптир. Анын жанында аты-жөнүн тактоочу бир да документ болгон эмес. Анын айткан сөздөрүнө ишенишкен экен. Кылмышка шектүү 48 саат убактылуу кармоочу жайда отурушу керек эле да. Биз башка тергөөчүгө бардык. Ал кылмышка шектүүнү таппай жатышканын, ошол күнү нөөмөттө турган кызматкер эч нерсесин сурабай эле коё жибергенин айтышты. Учурда алар кылмыш ишин токтотушкан. Буга кылмышка шектүүнүн табылбай жатканын, кыздын денесинде зомбулуктун белгилери, далил жоктугун жүйө келтирип жатышат. Кыз "эгер мага жардам бербегендер болбогондо, мени зордуктап, өлтүрүп салмак" деп жатат", - деп жазды ал.
 
Посмотреть эту публикацию в Instagram
 

Публикация от Шердор Абдыкапаров (@sherdor_abdykaparov)

edita